Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ош

Ош—Сары-Таш—Эркеч-Там унаа жолуна кайрадан кар көчкү түштү

Turmush -  Бүгүн, 17-февралда Ош—Сары-Таш—Эркеч-Там унаа жолунда дагы кар көчкү түштү.

ӨКМдин билдирүүсү боюнча, саат 13:00 чамасында унаа жолдун Алай районундагы 176-179-чакырымдарында 5 жерден көчкү түшкөн. Көчкүнүн көлөмү 12 миң метр кубга жетип, унаа жол убактылуу жабылды. Адамдар жабыркаган жок. №960 жол тейлөө ишканасынан 3 техника тартылып, жолду тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Ош—Сары-Таш—Эркеч-Там унаа жолуна кечээ, 16-февралда эки жолу кар көчкү түшүп, бүгүн таң эрте тазаланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 951
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу