Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Ош

Казак президентинин атынан Ошто курулган мектептин имараты текшерилет (фото)

Turmush -  Ош шаарында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин грантына курулган «Жетиген» мектебинин абалы иликтенет, деп билдирди аймактык кабарчы.

Мектеп менен бүгүн, 17-февралда Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев жеринен таанышып чыкты.

Иш-чарага шаар куруу жана архитектура боюнча Ош шаардык башкы башкармалыгынын башчысы Ажимурат Жолдошов, Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Сейит Карагозуев, шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы жана башка тийиштүү кызматтын өкүлдөрү катышты. Буга чейин «Жетиген» мектебинин курулушу тууралуу терс сын-пикирлер айтылган. Мектеп жетекчилиги тийиштүү кызматтарга мектептин чатырынан тамчы өтүп жатканын айтып кайрылган.

Бул абалды иликтөө боюнча тиешелүү кызматтын өкүлдөрүнө тапшырмалар берилди.

Мурда маалымдалгандай, кыргыз-казак өкмөтү биргеликте курган «Жетиген» мектеп-лицейи алгачкы окуучуларын 2016-жылдын 1-сентябрында кабыл алган. Мектептин ачылышына премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Казакстандан келген өкүлдөр жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышкан.
Мектеп директору Кыялбек Акматов көп тилдүү билим берүүчү мектепке окуучулар сынактын негизинде кабыл алынганын билдирди.

«Биз окуучуларга математика, информатика, химия, биология предметтерин тереңдетип окутабыз. Англис, орус, кыргыз тилдерине басым жасалат. Жалпы 1-8-класска 550 бала кабыл алынды. Окутуу акысыз жүргүзүлөт», - деди К.Акматов.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1601
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×