Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Ош облусу, Ош 21.02.2017 12:00

Ош шаарынын ушул жылдагы бюджети 199,8 млн сомго азаят

Turmush -  Бүгүн, 21-февралда Ош шаарынын бюджетин бекитүү үчүн коомдук угуу башталды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Коомдук угууга Ош шаардык кеңешинин төрагасы Ж.Ормонов, Ош шаарынын вице-мэри А.Топчубаев, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, кварталдык комитеттер катышып жатат. Ош шаарынын 2017-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше долбоору 834 млн 914 миң сомду түзөт.

Шаардык кеңештин бюджет экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Акбарали Батыровдун айтымында, быйылкы жылы бюджет 199 млн 844 миң сомго аз. Быйыл бюджеттин 49% социалдык тармакка жана маданият тармагына бөлүнөт.

Жергиликтүү бюджеттин киреше булагы: салык эмес кирешелер — 44 млн сом, атайын каражаттар – 75 млн 964 миң сом, салык кирешелер — 714 млн 850 сом. Ал эми чыгаша долбоору: социалдык коргоо — 24 млн 115 миң сом, жалпы багыттагы мамлекеттик кызмат — 107 млн 132 миң сом, коргоо — 5 млн 534 миң сом, билим берүү тармагына — 316 млн 926 миң сом, маданият жана дин тармагына – 69 млн 563 миң сом, коомдук турак жай жана коммуналдык кызматтар — 245 млн 180 сом, экономикалык маселелер —  66 млн 460 миң сом.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×