При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 30-май
67.95    76.27    1.2    KZT 0.22

Фото - Өзгөндөгү көп кабаттуу үйдүн тургундары кулайын деп калган ажатканага кирүүгө аргасыз

Turmush -  Өзгөн шаарынын борбордук көчөсүндөгү №74 жана №32 Б дарегиндеги көп кабаттуу үйлөрдүн ортосуна жаңы курулган ажаткана кулап калуу коркунучунда турат. Бул тууралуу №74 көп кабаттуу үйдүн квартал башчысы Светлана Андакулова билдирди.

Анын айтымында, учурда ажаткананын бир тарабы жабык.

«Өткөн жылдын октябрь айында Өзгөн шаардык мэриясы тарабынан 10 орундуу ажаткана курулган. Бирок, 3 айга жетпей жарака кетип, аялдар кирүүчү тарабы жабылды. Көп кабаттуу үйлөрдө шарт жок болгондуктан ажатканага сыртка чыгышат. Өзгөн шаардык мэриясына кайрылсак, бул маселе Мамэкотехинспекциянын кароосунда турганын айтышты», - деди ал.

Ошондой эле, №32 Б дарегиндеги көп кабаттуу үйдө эч кандай шарт жок. Таза суудан бери сырттан ташып киребиз, деди жергиликтүү жашоочу Шумкар Кантемиров.

«Ажаткана маселеси бизге чоң көйгөй болууда. Качан кулап түшөт деп чоочулап жатабыз. Бизде таза суу дагы жок, сырттан ташып келип ичебиз. 4-кабатка чейин суу ташып чыгууга аргасыз болобуз», - деди Ш.Кантемиров.

Өзгөн шаардык мэриясы бул иш учурда каралып жатканын, текшерүүлөр аяктаса жаңы ажаткана куруу планы бар экенин маалымдады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 478
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×