При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 30-май
67.95    76.27    1.2    KZT 0.22

Айыл турмушу: Өзгөндө көпчүлүк баш баккан ашканадагы уйгур лагманын кантип жасашат? (фото)

Turmush -  Өзгөн шаарына мейманга келгендер же түштөнүүгө чыккандар сөзсүз уйгур лагманын мыкты бышырган ашкананы издешет. Эл көп барган ашканалардын биринен уйгур лагманын уйгур улутундагы 34 жаштагы ашпозчу Абдурахман Керему өзү даярдап берет. Ал 15 жылдан бери ашпозчу болуп эмгектенип келет.

Turmush басылмасынын кабарчысына бирге иштеген ашпозчулар Абдурахман Керему, Ойбек жана Рахматилло Батиралиев уйгур лагманын даамдуу бышыруунун жолун айтып беришти.

Даяр лагман

Лагман

«Алгач ундан жылуу сууга камырды катуу кылып жууруп, 2 сааттай тыныктырабыз. Андан кийин камырды жайып, жоондугу 1-1,5 сантиметр болгон бөлүктөргө бөлүп кесебиз. Камырды өсүмдүк майы менен майлап, дагы 20 мүнөт тыныктырабыз. Даяр болгон камырды колго чоюп бүткөндөн кийин кайнап жаткан сууга бышырып алабыз. Андан кийин сулп этти өтө майдалабай чарчы кылып туурап, ысыган майга кууруйбуз. Ага тууралган пиязды кошобуз. Эми помидорду майда чарчы кылып туурап, эт менен пиязга кошуп салабыз. Аны жакшылап кууруп алгандан кийин ичке тууралган болгар калемпирин кууруйбуз.

Камыр катуу болуп, лагман кесмеси бирдей болушу үчүн кылдаттык талап кылынат. Лагмандын камыры катуу жасалышы шарт. Лагманга жаңы жашылчалардан пайдаланабыз. Эч кандай туздалган консерваларды колдонбойбуз. Куурулган эт, капуста, болгар калемпирине туздуу шорпонун суусу кошулат. Лагмандын камыры өзүнчө даярдалат. Бары даяр болгондон кийин алгач табакка камырын салып, үстүнө даяр соусту куюп, дасторконго беребиз», - деди Абдурахман.

Бул ашпозчулардан өнөрүн үйрөнүү үчүн шакирт болгусу келгендер да бар. Бул ашканада иштеген ыңгайлуу болсун деп аялдар жана эркектердин иштеген бөлөмөсүн эки башка кылып коюшкан.

Кичинесинен бери лагман бышырууну үйрөнүп, бул өнөрдүн артынан тиричилик кылып келе жаткандардын бири Рахматилло Батиралиев кесиби юрист. Ал ашпозчулук менен алектенгенин кызыгуусу жана турмуш шарты менен байланыштырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1285
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×