Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ош

Ош—Сары-Таш—Эркеч-Там унаа жолунун боюндагы 18 мыйзамсыз курулуш бузулду, - Мамэкотехинспекция (фото)

Turmush -  Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция тарабынан Ош—Сары-Таш—Эркеч-Там унаа жолунун боюндагы 18 мыйзамсыз курулуш бузулду. Бул тууралуу аталган түзүмдүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, текшерүүнүн жыйынтыгы менен Кара-Суу районуна караштуу Шарк жана Мады айыл өкмөттөрүнө тиешелүү жерлерде мыйзам бузуу менен курулган 68 курулуш аныкталды. Шарк айыл өкмөтүнө тиешелүү аймактан 56, Мады айыл өкмөтүнөн 12 мыйзамсыз курулуштар текшерилди.

«Учурда Ош—Сары-Таш—Эркеч-Там унаа жолунун боюндагы 18 курулуш толугу менен бузулуп, калган курулуштардын ээлерине эскертүүлөр берилди. Алар белгиленген убакыттын ичинде муниципалдык жерди бошотушат. Эгерде талап аткарылбаса, анда мыйзамсыз курулуштар сүрдүрүлөт», - деп айтылат маалыматта.

DSCN0259

DSCN0267

DSCN0288

Буга чейин Turmush басылмасына маалымдалгандай, Кара-Суу райондук прокуратурасы тарабынан Ош—Бишкек жана Ош—Сары-Таш—Эркеч-Там унаа жолдорунун боюндагы мыйзамсыз курулуштарга текшерүү иштери жүргүзүлгөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Кара-Суу районуна караштуу Шарк жана Мады айыл өкмөттөрүнө тиешелүү жерлерде мыйзам бузуу менен курулган 67 курулуш аныкталды. Аларга байланыштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Кара-Суу району боюнча башкармалыгынын башчысына, Шарк жана Мады айыл өкмөттөрүнүн башчыларына, райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын башчысына, райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук башкармалыгынын башчысына, №21, 956 жол тейлөө ишканаларынын башчыларына мыйзам бузууларды четтетүү сунуштары жөнөтүлгөн.

Ал эми, Мамэкотехинспекциянын Кара-Суу району боюнча башкармалыгынын Шарк айыл өкмөтүн тейлеген инспектору А.Акаевге карата Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 400-беренеси менен иш козголгон. Ал Кара-Суу райондук сотунун 2017-жылдын 14-февралындагы токтому менен 10 миң сом айып төлөөгө милдеттендирилген болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 861
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×