При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Ноокат шаарында башаламан токтогон кичи автобустар автобекетке көчүрүлдү

Turmush -  Ноокат шаарында башаламан жайгашкан унаа токтоочу жайлар иретке келтирилди. Райадминистрация билдиргендей, аким Давранбек Маматалиев 3-мартта тиешелүү буйрук чыгарып, Патрулдук милициянын кызматкерлери унааларга көзөмөл жүргүзүп жатат.

Буга чейин ар кандай каттамдагы кичи автобустар жана жеңил унаалар жүргүнчүлөрдү күтүү үчүн өздөрү каалаган жерге токтоп турчу. Андан улам жүргүнчүлөргө ыңгайсыздыктар жана унаалардын тыгыны жаралып келген.

Учурда Ноокат—Ош багыты боюнча жана райондун Өсөр, Үч-Бай айылдарына каттаган кичи автобустар менен жеңил унааларга эски автобекеттен орун берилди. Ал эми, Кызыл-Кыяга каттаган кичи автобустар менен жеңил унаалар Чечме-Сай автобекетине жылдырылып, Ноокаттан Ю.Гагарин көчөсү аркылуу чыгып кетүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 606
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу