Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.51    80.77    1.2    KZT 0.21
Ош

Өзгөндөгү үйлөнүү тойдогу кызыктуу жөрөлгөлөр: Ажырым пул, нике жана күйөө баланын бурчтагы орду (фото)

Turmush -  Өзгөн районунун аймагында жашаган өзбек улутундагы эл кызыктуу жана бай үрп-адаттарын, каада-салттарды сактап келишет. Каада-салттар, ырым-жырымдар, жөрөлгөлөрдүн ар бири өзгөчө мааниге ээ. Turmush басылмасынын кабарчысы Өзгөндө жашаган өзбек улутундагы үй-бүлөнүн кыз узатуу тоюндагы жөрөлгөлөргө күбө болду. 

Адатта, кызы бар үй-бүлөлөр кызы бойго жете электе эле сандыкка сеп топтоп башташат. Септе тиричиликке керектүү ар кандай буюмдар болот. Кыздарга келиндин милдеттери дагы кичине кезинен тарта үйрөтүлүп баштайт. Мисалы, эшикти тазалаганда шыпыргыны кыбыла тарапка карата кармоого тыюу салынат.

Жуучулук: Жуучу аялдар келин болуучу кызды сураштырып, кыз издешет. Кыз көрүп жүргөн аялдар тойдун башы болот. Жуучулар кызды жактырса колун суроо үчүн келе турганын айтып кетишет. Бойго жеткен кызга жуучу келсе жакшы мамиле кылышып, өзгөчө жасалган дасторкон менен күтүп алышат. Күйөө тараптан келгендердин барына жоолук, кездеме сыяктуу белектер берилип, жуучулар дагы келин болуучу кызга белек тапшырышат.

Фотиха той: Эки тарап макулдашкандан кийин келин тарапка ун, күрүч, тамак-аш майы, туз, эт, пахта берилип, той өтүүчү күн белгиленет. Кыздын себин даярдоо үчүн жигит тараптан кыздын каалоосу менен акча, үй же унаа түрүндө калың берилет. Тойго чейин келин болуучу кызга алтын сөйкө тагылып, кызга жана жигитке кийим-кече, шириндиктер, ачуу самса, аш жана башка тамактар салынган себеттер берилет. Айрым учурда себеттердин саны 40ка чейин жетет.

А 21

Күйөө сарпай: Жигиттин достору кыз тараптан күйөө балага деп даярдалган белектерди көрүшөт. Кыз тарап күйөө баланын досторуна да белек даярдайт. Төшөк жана жууркандар кыздын себинин эң негизгиси болот. Кыздын апасы той күнү келгенге чейин бардык төшөк-жууркандарды тиктирип, даярдап берет. Үй жумуштарынын түрүнө карап кызга көйнөктөрдүн түрүн тиктиришет.  

Үй көрдү: Келин болуучу кыздын туугандары жаш жубайларга деп арналган үйдү көрүп келишет. Жаш келин үчүн күйөөнүн жашаган жери өтө маанилүү. Үй көрдү кылып келгендерди күйөө тарап коноктойт.

Сеп алып кетүү: Кыздын себин алып кетүү үчүн күйөө жактан туугандары келишет. Аларды келин тарап мейман кылат. Сепке берилген төшөк-жууркандар, эмеректер, сандык жубайлар уктоочу бөлмөгө жайгаштырылат.

А 22

Сеп жайды: Тойдон бир күн мурда кыздын аял туугандары, теңтуш кыздары жаш жубайлар жашоочу бөлмөгө кыздын сепке берилген көйнөктөрүн илип чыгышат. Жасалгаланган бөлмөдө түнү менен кыздын теңтуштары бийлеп, майрам уюштурушат. Аларга шоола тамагы тартылат.

Таңкы аш берүү: Той күнү таңга жуук эки тарап тең кошуналарына, айылдаштарына күрүч бышырып (аш) беришет. Аялдар менен эркектер эки башка коноктолуп, чогуу отурушпайт.  

Күйөө бала үчүн бурчтан берилген жай: Той күнү күйөө баланын достору, туугандары кызды алып кеткени келишет. Сеп илинген бөлмөнүн бир бурчуна кабатталган төшөк салынып, күйөө балага атайын орун даярдалат. Төшөктүн жанына баланын досторуна арналган дасторкон жайылат.

Ажырым пул: Келин болуучу кыз той күнү кошунасы же тууганы жашаган үйгө жашынып турат. Бекинген жерге күйөө бала жакындары, достору менен барып, келинди бекиткен адамга акча берип ыраазы кылат. Кызды жашырып тургандарга 1 миң сомдон 3 миң сомго чейин акча беришет.

Нике: «Кызды ажыратып алдык, эми күйөө кирсин», - деген молдо эки жашка нике окуйт. Никеден кийин келинге жолдошу белек катары шакек берет.  

А 20

Келинди алып кетүү: Кызды алып кеткенге чейин керней-сурнай тартылат. Кыз ата-энеси жана туугандары менен жашынган үйдөн коштошуп, коштошуудан кийин «Жар-жар» айтылып, кызды жеткирүүчү туугандары мейман болуп барышат. Кыз барган үйгө оң буту менен кирип, ал жактагылар менен учурашат. Жеңелери дагы келинге салам айтып ырдашат.

А 24

Тойдон кийин эки тарапта тең таңга маал келиндин кадамы жеңил болуп, келин келгени билинсин деген жөрөлгө менен керней-сурнай тартылат.

Учурдагы кыз узатуу, келин алуу тоюна керектелген каражаттын өлчөмү шартка жараша эки тараптын келишими менен аныкталып калды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5506
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×