Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Ош

Араванда ок атуучу куралды сатуу үчүн көрсөтүп жаткан адам кардарын атып алды

Turmush -  Араван районунда ок атуучу куралды сатуу максатында көрсөтүп жатып кардарын атып алган адам кармалды.

Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, кечээ, 27-мартта болжол менен саат 21:00 чамасында Араван РИИБдин нөөмөт бөлүмчөсүнө С.Юсупов айыл өкмөтүнүн Ленин көчөсүнүн 1986-жылы туулган тургуну М.А. денесине ок атуучу куралдан жаракат алганы тууралуу маалымат берилген. Маалым болгондой, ок жабырлануучунун сол бутунун жоон санынан кирип, тизесинен чыгып кеткен.

Ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында окту жабырлануучу менен үйүндө бирге отурган 1991-жылы туулган М.О. чыгарганы аныкталган. Көп узабай Араван РИИБдин кызматкерлери тарабынан шектүү М.О. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ок атылган «Наган» үлгүсүндөгү 1919-жылы чыгарылган курал алынып, тиешелүү экспертиза дайындалды. Кылмышка шектүүнүн сөзү боюнча, ок атуучу куралды сатуу максатында көрсөтүп жатып, кокусунан кардарын атып алган. Бул окуя боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 104-241-беренелери боюнча козголгон кылмыш ишти тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4219
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
amantay
09:11, 29 марта 2017
Ок атуучу куралга рогатка, жаа, арбалет, мылтык, тапанча, пулемет, автомат, миномет, замбирек ж.б. кирет. Ошондуктан журналисттер билимин жогорулатып, тилди жакшыраак билип алышканы дурусболот.
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
18:21,   23.11.2017   ( 6 адам окуп жатат)
×