Turmush - Араван районундагы Юсупов айыл өкмөтүндө ата-энелер менен окуучулардын катышуусунда «Атам, апам жана мен» спорттук мелдеши уюштурулду. Райадминистрация билдиргендей, мелдешке 10дон ашуун мектептердин окуучулары ата-энелери менен катышып, кызыктуу өттү.
«Спорттук мелдешке 4-класстан 11-класска чейинки 300дөн ашуун окуучу ата-энелери менен катышты. Ата-эне жана окуучудан түзүлгөн командалар футбол, волейбол, баскетбол, стол тенниси, күрөш, кол күрөш, жана аркан тартыш мелдештери боюнча мелдешке түштү. Жыйынтыгында жеңүүчү аталгандар акчалай жана баалуу белектерге ээ болду», - деп айтылат билдирүүдө.