Бөлүмдөр
Ишемби, 23-июнь
Ош

Араванда электр жарыгын берүү үзгүлтүккө учуроодо

Turmush -  Араван районунун борборунда 5-6-апрель күндөрү электр жарыгы жок болду. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, бүгүн, 7-апрелде дагы Аля-Анаров айыл өкмөтүндө электр жарыгы жок.

Бул маалыматты Араван районунун акими Курбанбек Айтибаев тастыктап, оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүүлөр болуп жатканын билдирди.

«Араван районунун борборунда 5-6-апрель күндөрү электр жарыгы берилген жок. Себеби райондун электр тармагында оңдоо иштери жүрүп жатат. Электр жарыгын өчүрүү боюнча эскертүүлөр берилген. Райондун башка аймактарында дагы электр жарыгы өчүрүлүшү мүмкүн», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 948
Көп окулду
×