Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.75    82.62    1.19    KZT 0.21
Ош

Аравандын Кара-Булак айылында 8 окуучу билим алган имарат жабылды

Turmush -  Араван районунун Кара-Булак айылында 8 окуучу билим алып жаткан орто мектептин имараты жабылды. Бул тууралуу Аля-Анаров айыл өкмөтүнүн башчысы Жалал Нурбаев билдирди.

«Кара-Булак айылында 8 окуучу окуган мектеп бар. Ал жердеги окуучулар 1-класстан 4-класска чейин билим алышат. Мектепке берилген турак үйдүн дубалынан жарака кетип, жер көчкү түшүү коркунучу дагы жаралган. Ошол себептен башка аймакка көчүрүлдү. Учурда 8 окуучу айылдагы үйлөрдүн биринде билим алып жатат», - деди ал.

Кара-Булак айылында 17 үй-бүлө жашайт. Айылда 5-класстан 11-класска чейинки окуучулар кошуна айылдарга каттап билим алышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 594
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×