При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июль
68.46    79.79    1.14    KZT 0.21

Элдик уламыш: Таластагы Үрмарал айылынын аталышы мурда Үйүр-Марал болгон (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районуна караштуу Үрмарал айылынын мурдагы аталышы Үйүр-Марал болгон.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, бул жер маралдар байырлаган аймак болуп, алар үйүр болуп жүрүшкөндүктөн Үйүр-Марал болуп аталган. Кийин башка улуттун өкүлдөрү отурукташып, алардын тили менен өзгөрүлүп отуруп, азыркы Үрмарал аталышы калыптанып калган.

Үрмаралдан аккан суу 3 айылды камсыз кылат. Элеттиктер мал чарба жана дыйканчылык менен алектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1825
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Элдик уламыштар
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу