При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июль
68.46    79.79    1.14    KZT 0.21

Элдик уламыш: Кожокелен айылы – тилинде мөөрү бар Аппак кожо суктанган жер

Turmush -  Кооз жаратылышы менен айырмаланган Кара-Суу районунун Кожокелен айылындагы мазарды Ыйык мазар деп аташат. Аталган айыл тууралуу чоң аталар айтып келген уламыштар боюнча, бул жерге тилинде мөөрү бар, алдыңкы мезгилди көрө билген кыраакы Аппак кожо аттуу олуянын сөөгү коюлган. Бул тууралуу айылдык мугалим Маматиса Меңдибаев агай баяндады.

«Аппак кожо олуя Чаткалга карай жол тартып калат. Көп жол жүрүп, Кожокеленге жетип түнөйт. Аппак кожонун көзү өткүр, назары күчтүү адам болгондуктан көзүм тийбесин деп дайыма чачын көзүнөн ылдый түшүрүп, жаап жүргөн. Таңга жуук айлананы бир карап, жердин сулуулугуна суктанып, «бул жер буйруса кең талаалуу конуш болот, эчки жайса эттүү, кой жайса оттуу, берекелүү, мал-жанга ыңгайлуу жер экен. Эгер өмүрүм бүтүп көз жумсам, сөөгүм ушул жерге коюлсун» деген. Ошондон улам азыркы ыйык мазарга Аппак кожо атанын сөөгү коюлган», - деди М.Меңдибаев. 

Башка уламыштар боюнча, бул жер кожолор Кытайга карата соода кылып өтүп турган жол болгон. Соодагерлер Кожокелендин кооздугуна суктанып, ушул жерге көчүп келип жашап калышкан. Ошол себептен аты Кожо келген деп айтылып, кийинчерээк Кожокелен деп аталып калган.

Кожокелен айылы мал чарбачылыгына ыңгайлуу болгондуктан эли мал-жандык багат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2065
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Элдик уламыштар
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу