Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Ош облусу, Ош 19.04.2017 11:50 На русском

Ырчы С.Каримованын жолдошу А.Мансуров Маданият министрлигиндеги маданий борборду жетектейт

Turmush -  Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин түштүк аймак боюнча маданий борборунун башчысы болуп Асан Мансуров дайындалды. Бул кызмат жаңыдан түзүлгөнүн А.Мансуров өзү билдирди.

Ал буга чейин Ош улуттук драма театрынын директору болуп турган. Жаңы кызматка байланыштуу директорлукту өткөрүп берди. Аталган борбор Ош, Баткен, Жалал-Абад облустары менен иштешет.

А.Мансуров белгилүү ырчы Самара Каримованын жолдошу. Алар 3 баланын ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×