При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июль
68.46    79.79    1.14    KZT 0.21

Сирияга жөнөп жаткан жеринен кармалган жигит милицияларга ыраазычылык билдирди (видео)

Turmush -  Сириядагы согушка жөнөп жаткан жеринен кармалган Оштогу Кара-Суу районунун 18 жаштагы тургуну жазасын өтөп бүттү. Ал кылган иши үчүн өкүнөрүн аймактык кабарчыга билдирди.

«Мен 2015-жылы Сирияга жөнөп жатканда Бишкек шаарында кармалдым. Шарттуу соттолуп, жазамды өтөп бүттүм. Мени Сирияга жездем чакырган. Сирияга барбай калганыма абдан кубанам. Ал үчүн укук коргоо органдарынын кызматкерлерине рахмат айтам. Анткени мени согушка жеткирбей алып калышты. Жездем азыр да Сирияда, аны менен байланышым жок. Мен эч кандай диний партияларга мүчө эмесмин. Беш маал намаз окуйм. Адамдарды экстремисттик уюмдарга кошулбоого чакырам», - деди ал.

Азыркы тапта Кара-Суу шаарында терроризмге, экстремизмге каршы тынчтык митинги өтүүдө. Бул митингдин катышуучусу сөзгө чыгып, кызы Сирияга кеткенин айтты.

Ошондой эле, митингдин жүрүшүндө аталган шаардын 14 тургуну учурда Сирияда жүргөнү маалымдалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1049
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу