Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.75    82.62    1.19    KZT 0.21
Ош

Кара-Сууда терроризмге, экстремизмге каршы жөө жүрүшкө чыккандар борбордук мечиттин алдынан өтүштү (фото)

Turmush -  Оштун Кара-Суу шаарында терроризмге, экстремизмге каршы тынчтык митингге катышкан миңге жакын адам жөө жүрүшкө чыгышты. Алар Ас-Сарахсий атындагы борбордук мечиттин алдынан өтүштү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, жөө жүрүшкө чыккандар «Биз терроризмге каршыбыз!», «Бизге тынчтык керек», «Жашасын Кыргызстан!» деген ураандар менен чакырык жасашты.

Буга чейин Turmush басылмасына маалымдалгандай, Кара-Суу шаарынын 14 тургуну учурда Сирияда жүрөт.

Ал эми, диний экстремизмге күнөөлөнүп камакка алынган Р.Камалов Ас-Сарахсий мечитинде имам болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 694
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×