Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.75    82.62    1.19    KZT 0.21
Ош

Араванда бычакташкан окуучуларга сот өкүмү чыкты

Turmush -  Өткөн аптада Араванда бычакташкан окуучуларга сот өкүмү чыкты. Бул тууралуу Араван райондук администрациясынан билдиришти.

Маалым болгондой, райондук сот мектеп окуучуларынын бычакташуусу боюнча ишти карап, бычак сайган 11-класстын 1 окуучусуна 2 жылга үй камагында болуу өкүмүн чыгарып, калган окуучуларга эскертүү берди.

Мурдараак маалымдалгандай, 21-январда Аравандын Төбө-Коргон айыл өкмөтүндө баскетбол оюнунан кийин окуучулар өз ара чырлашып, 4 окуучу бычакталганы айтылган. Кийин окуучулар оруканада жатып дарыланышкан. Окуучуларга бычак кезеген деп шектелип 4 окуучу кармалган. Алар кесиптик лицейдин жана мектептин окуучулары болгон.

Окуянын буга чейинки чоо-жайы:

Араван районунда 11-9 класстагы окуучулар арасында чыр чыгып 3 окуучу бала бычакталып, ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 21-январда саат 22:30да Араван РИИБке райондук ооруканага бычактан алган жаракаттары менен 4 бала түшкөндүгү тууралуу маалымат жеткен. Иликтөө топ барып, окуя болгон жерди текшерип, алгачкы документтер түзүлүп, тергөө бөлүмүнө өткөрүлгөн.

Жаракат алгандар:

1. Төбө-Коргон айылдык аймагынын 17 жаштагы тургуну М.А. Райондогу мектептердин биринин 11-классынын окуучусу. Көкүрөгүнө бычак сайылган.

2. Төбө-Коргон айылдык аймагынын 9-классынын окуучусу С.Э. Далысына бычак сайылып, баш мээси чайкалган.

3. Төбө-Коргон айылдык аймагынын 18 жаштагы тургуну, 11-класстын окуучусу У.Ж. Оң ийинине бычак сайылган.

4. Төбө-Коргон айылдык аймагынын 17 жаштагы тургуну, 11-класстын окууучусу И.И. Баш мээси чайкалган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 21-январь күнү саат 10:00 чамаларында Араван районунун Төбө-Коргон айыл аймагында жайгашкан 4 мектептин 9-11-класстарынын окуучуларынын ортосунда баскетбол оюну боюнча мелдеш өткөрүлгөндүгү такталды. Спорттук мелдештин жүрүшүндө бир мектептин 11-классынын окуучусу И.Ы. менен, экинчи мектептин 11-классынын окуучусу А.Ф. өз ара пикир келишпей түртүшүп кетишкен. Ошол эле күнү, саат 20:30 чамаларында И.Ы. күндүзгү спорттук мелдеште болгон окуя боюнча териштирүү өткөрүү максатында ага тааныш болгон А.Фга. мобилдик телефон аркылуу чалып, жолугушууну белгилейт.

Болжол менен саат 22:30 чамаларында Араван районунун Төбө-Коргон айыл аймагынын Уйгур-Абад айылы менен Жаңы-Абад айылынын ортосундагы талаада 2 тараптан төрттөн балдар чогулуп, өз ара пикир келишпей өткөн окуя боюнча сөз талашып, мушташып кетишкен. Эки тараптуу мушташта А.Ф. баштаган балдар И.Ы. менен бирге келишкен балдарга карата бычак колдонушуп, алардын денелерине жарат келтиришкен. Натыйжада жогоруда көрсөтүлгөн 4 өспүрүм денелеринен жарат алышып, Араван райондук ооруканасына жеткирилген.

Араван РИИБнүн ыкчам кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кылмышка шектүү райондогу мектептеринин биринин 11-классынын жана кесиптик лицейдин төмөнкү окуучулары кармалган.

1. 11-класстын окуучусу, 17 жаштагы А.Ф.

2. Кесиптик лицейдин 18 жаштагы окуучусу Э.У.

3.Кесиптик лицейдин 18 жаштагы окуучусу О.С.

4. Төбө-Коргон айыл аймагынын Уйгур-Абад айылынын 19 жаштагы тургуну А.Ф.

Аталган окуя боюнча топтолгон материал 2017-жылдын 22-январь күнү Араван РИИБ тарабынан каттоого алынып, кылмыш иш козоголуп тергөө тарабынан жабырлануучуларга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иш аракеттери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 952
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×