При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июль
68.46    79.79    1.14    KZT 0.21

Өзгөндө «Радикализм исламдан эмес» райондук жыйын болуп өттү

Turmush -  Кечээ, 25-мартта Ош облусунун Өзгөн районунун мамлекеттик администрациясында «Радикализм исламдан эмес» аттуу райондук жыйын болуп өттү. Бул тууралуу облустук мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, аталган жыйынга Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Олжобай Осмоналиев, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов, Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, КРнын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн өкүлү Бөрүмухамбед Эсенов, «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фондунун түштүк аймагындагы өкүлү Медербек Абдыманапов, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, мечит имамдары жана жалпы райондун активистери катышты.

Жыйында алгач укук коргоо органдары тарабынан жарандардын ар түрдүү терс агымдарга азгырылгандыгынын кесепети тууралуу видеоролик көрсөтүлдү. Андан соң, келген коноктор ислам баалуулуктарында бардык иш-аракеттер жарандарды туура жолго үгүттөрүн айтышты. Ошондой эле радикализм, терроризм исламдан эмес экендиги белгиленди.

Мындан сырткары, жыйындын катышуучулары мамлекет тарабынан жарыяланган Ыйман, адеп жана маданият жылынын алкагында жалпы мечит имамдары, ата-энелер жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү менен биргеликте мектептерде, жогорку окуу жайларда жаштарды туура багытка үндөгөн тарбиялык иш-чараларды байма-бай уюштурууга чакырышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 506
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу