Бөлүмдөр
Ишемби, 23-июнь
Ош

Кыргызстандык аял эки баласы менен Казакстанга 60 миң теңгеге кулчулукка сатылган

Turmush -  Кыргызстандык үй-бүлө Казакстанга 60 миң теңгеге (казак теңгесинин 2006-жылдын май айындагы баасы боюнча 12 миң 600 сом) кулчулукка сатылганы ачыкка чыкты.

Укук коргоо органдарынан алынган алдын ала маалыматтар боюнча, бул ишке байланыштуу маалымат 2017-жылдын 25-апрелинде жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иштеринин алкагында маалым болгон. Ыкчам тергөөчүлөр 2006-жылдын май айында Ноокат районундагы Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн Кара-Кокту айылында жашаган А.А. ишеничке кирүү менен 2 балалуу аялды Казакстанга алып кеткенин такташкан.

Алар:

- 1972-жылы туулган И.Халима, Ноокаттын Кара-Таш айыл аймагындагы Кара-Таш айылынын тургуну;

- 1996-жылы туулган М.Табалды;

- 2005-жылы туулган М.Айгерим.

Маалыматтар боюнча, И.Халиманы 2 баласы менен Казакстандын Талды-Курган облусундагы Кара-Булак айылына алып барган. Андан соң алардын документтерин ошол жактын жаранына берип, 60 миң теңге акча алган. Алдын ала маалыматтар боюнча, кыргызстандык үй-бүлө көрсөтүлгөн суммага кулчулукка сатылган.

Бул окуяны Ош ОИИБ тастыктап, учурда тиешелүү материалдар топтолуп жатканы маалымдалды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5503
Көп окулду
×