Бөлүмдөр
Ишемби, 23-сентябрь
68.49    81.6    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ош

«Мекендештер»: 21 жаштагы Бердаалы Малайзияда экономика тармагында тажрыйба топтоп жатат (фото)

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Ош облусунун Өзгөн районундагы Мырза-Аке айылынын 21 жаштагы тургуну Бердаалы Токтосун уулу. Аймактык кабарчы мекендешибиз менен маектешти.

- Бердаалы мырза, алгач кепти туулуп өскөн жериңизден, балалык, окуучулук күндөрүңүздөн баштасак.

- Эң алгачкы сөзүмдү кыргыз элиме, жериме салам айтуу менен баштасам. Мен Ош облусундагы Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында 1996-жылы төрөлгөм. 2014-жылы аталган айылдагы К.Раимбеков мектеп-гимназиясын аяктап, Бишкектеги Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде бир жыл окудум.

- Малайзияга кандайча барып калдыңыз? Ал жердеги окуу жайыңыз тууралуу айтып берсеңиз.

- 2015-жылы Түркиядагы Кастамону университетине сынак тапшырып, экономика жана менеджмент факультетине өткөм. Азыркы учурда 2-курсту аяктап жатам. Ушул жылы Түркия мамлекети тарабынан уюштурулган LAMT (Leader and management trainee) лидерлик жана башкаруучулук тажрыйба алмашуу программасына кабыл алынгам. Учурда Малайзия өлкөсүндөгү окуу жайда билим алып жатам. Сабактарыбыз англис тилинде өтөт. Дүйнөнүн көп мамлекеттеринен келген студенттер менен достошуп, Кыргызстанды таанытып, башка өлкөлөрдү да таанып, тажрыйба алмашып жаткан учурубуз. Окуубуз аяктап бара жатат, акыркы сынактарыбызды да тапшырдык.

- Малайзия тууралуу эмне айта аласыз? Ошондой эле, ал жакта алган тажрыйбаңызга таянып, Кыргызстандын өнүгүшүнө кандай сунуштарды айтасыз?

- Малайзиядан алган тажрыйбаларыбыз көп. Эң негизгиси малайзиялыктар эмгекчил, кечирим сураганды жана жылмаюуну билген калк экен. Малайзиянын жери саздуу болгондуктан жер алдына метро курууга болбойт. Бирок, жердин үстүнө 5-6 метр аралык бийиктикке метролорду курушкан. Малайзиянын табигый байлыгы аз. Бирок, өнүккөн мамлекеттердин катарында турат. Бул өлкөнүн дини ислам болсо, башкаруу системасы парламенттик монархия.

- Кыргызстандын жолун асфальт менен эмес, бетон менен куруу керектигин айттыңыз. Бул чындап эле реалдуу сунушпу? Сиз жүргөн өлкөдөгү жолдор бетон менен төшөлгөнбү?

- Мекенибизде негизги көйгөйлөрдүн бири жол. Азыркы убакта дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрү бетон менен жол курууга өтүүдө. Себеби, ал көпкө чыдайт (30-40 жыл), арзан (асфальтка салыштырмалуу), көп жүк көтөрө алат, оңдоп-түзөө иштери оңой, ар мезгилде, ар кандай шартта жолду жасоого болот (жамгырда, карда асфальт жасалбайт), айлана-чөйрөгө зыяндуу жыттарды чыгарбайт, унаалардын тайгалануу мүмкүнчүлүгү аз, караңгыда жолду көрүү оңой, асфальтка караганда түз жана ыңгайлуу болот.

- Сунуштарыңыз абдан жакшы экен. Акыркы суроом үй-бүлөлүк абалыңыз, ата-эне, бир туугандарыңыз жөнүндө болсун.

- Үй-бүлөлүк абалым бойдокмун. Үй-бүлөдө 5 бир туугандын үчүнчүсүмүн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3408
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:29,   22.09.2017   ( 1 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу