Бөлүмдөр
Ишемби, 23-июнь
Ош

Кара-Кой айылындагы ички жолдор сел калдыктарынан тазаланды

Turmush -  Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн Кара-Кой айылындагы Эчки-Атар аймагындагы ички жолдор сел калдыктарынан тазаланды. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Бакытбек Марипов билдирди.

Маалыматка караганда, жааган жамгырдан улам Эчки-Атар аймагындагы ички жолдордон сел кетип, жараксыз абалга келген. Учурда жолдор калыбына келтирилди.

Мындан сырткары, ошол эле айылдын Курак-Тектир аймагында сел жүрүп, мектепке жана элдин турак үйүнө сел кирүү коркунучун жараткан. Азыркы убакта сел агымдарына атайын тосмолор курулууда.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1325
Көп окулду
×