При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 30-май
67.95    76.27    1.2    KZT 0.22

Аюудагы көчкү алдында калгандарга жаназа окуу чечимин туугандары чыгарат (фото)

Turmush -  Кыргызстандын Аалымдар кеңешинин өкүлдөрү Өзгөндүн Аюу айылындагы тургундардан кабар алып, жер көчкүдөн көз жумгандарды акыркы сапарга узатуу, көчкү алдында калгандарга жаназа окуу боюнча чыгарылган фатваны тааныштырышты. Бул тууралуу Ош облусунун мусулмандар казыятынан кабарлашты.

Маалым болгондой, кечээ, 1-майда Аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басары Кадырбердиев Абибилла ажы жана аталган кеңештин мүчөлөрү Досболов Мамасабыр ажы, Байтеитов Тажидин ажы, Ош шаарынын казысы У.Сарыбаев, Ош облусунун казысы С.Атабаев, Баткен облусунун казысы П.Султанмуратов, Жалал-Абад облусунун казысы А.Закиров, ошондой эле Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк бөлүмүнүн өкүлү жер көчкү болгон жерге барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту.

30-апрелде Өзгөндүн Аюу айылындагы жер көчкүдөн көз жумгандарды акыркы сапарга узатуу, көчкү алдында калгандарга жаназа окуу боюнча Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин чукул жыйыны өткөн. Жыйынга Аалымдар кеңешинин 11 мүчөсү жана Санкт-Петербург шаарында илимий иш сапары менен жүргөн кеңештин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматов, кеңештин мүчөсү Чубак ажы Жалилов онлайн режиминде катышты.

Муфтияттын басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында жер көчкүнүн астында калгандарга жаназа намазын окуу тууралуу фатва чыгаруу маселеси каралды.

«Дин аалымдары "жер титирөөдө, жер көчкүдө же үйдүн дубалы кыйрап, анын алдында калган сөөктү чыгарууга мүмкүнчүлүк болбой калса, анда айласыздан анын гусулу менен кепини кечиримдүү болот. Дене кайсыл жерде калса, ошол жер анын кабыры деп саналат жана денеси жарылып кеткенге чейин жаназа намазын окуса болот" деген далилдердин негизинде фатва чыгарышты. Аны Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү бир добуштан колдоого алышты.
Ошондой эле, апааттуу кырсыктан жабыр тарткандарды колдоо максатында Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү бир күндүк айлык маяналарын которуп беришет», - деп айтылат билдирүүдө.

Аюу айылында 29-апрелде саат 06:50 чамасында болжол менен 200 миң метр куб жер көчкү жүрүп, 7 турак үйдү жана 24 адамды басып калган. Анын ичинен 1 турак үйдө адам жашачу эмес. Алдын ала маалымат боюнча, көчкү баскан 24 адамдын ичинен тогузу жаш балдар.
Учурда 400гө жакын адамдын катышуусунда издөө-куткаруу иштери улантылып жатат.

Көчкүнүн алдында калган 24 адамдын болжолдуу тизмеси
Куткаруучулар азырынча 3 кыздын денесин табышты. 30-апрелде саат 14:15 чамасында көчкүнүн алдынан 2005-жылы туулган Адина Маманова жана 2015-жылы туулган Мадина Хабибиллаеванын денеси табылган. Болжолдуу маалыматтар боюнча, бир тууган кыздар ата-энеси менен бирге көчкү алдында калышкан.
Ошол эле күнү саат 17:40 чамасында 20 жаштагы Гүлайым Назирбаеванын денесин таап чыгышкан. Ал кечээ, 1-майда айылында жерге берилди.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 324
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×