Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.75    82.62    1.19    KZT 0.21
Ош

АКИ-TV: Сталинден ыраазычылык кат алган ардагер К.Жолдошов 91 жашында экинчи китебин жазды

Turmush -  Улуу Ата Мекендик согуштун 92 жаштагы ардагери Касымбай Жолдошов көз айнексиз китеп окуйт. Ата Мекендик, экинчи Дүйнөлүк согушка катышкан Касымбай ата Сталиндин ыраазычылык катын алганын аймактык кабарчы менен болгон маегинде билдирди.

Анын айтымында, Ноокат районунун Кеңеш айыл өкмөтүнө караштуу Шанкол айылындагы 6 дос согушка чогуу барып, аман-эсен кайтып келишкен.

Анын экинчи «Жапардын тагдыры» аталышындагы китеби 91 жашында жарык көргөн. 8 жыл согуш талаасында кандуу жылдарды башынан өткөргөн ардагер тууралуу буга чейин 4 китеп жазылган.

«Ата Мекендик согушка жашым 17ге келгенде кеттим. Биз 6 дос элек. Барсак чогуу баралы деп аттанып кеткенбиз. Россиянын Кытай менен чектеш жерине 33 күндө отун ташыган вагон менен бардык. Ал жерде 20дай жер-жемиш сактоочу жер төлө бар экен. Ичи муздак, жатаарга жууркан жок. Жаныбыздагы токойдон чөптөрдү алып келип астыбызга төшөп, жашап калдык. Көрбөгөн күндү, ысыкты дагы, суукту дагы ошол жерден көрдүк», - деди ардагер.

17 жашында колуна мылтык алган жоокер 2 жылда куралдар сактоочу жайдын командири болууга жетишкен.

«17 жашта бойлорубуз дагы кичине бала элек. Алгач мылтык берсе көтөрө албай жерге тийип калды. Кайра аларды карабин мылтыгына алмаштырып беришти. Аны дагы эптей албадык. Кийин автоматтар келип, ошону менен согуш талаасына аттандык. Барыбыз ант бергенден кийин достор чачырап кеттик. Орус тилин эки жылда жакшы өздөштүрүп, курал сактоочу жайдын командири болуп калдым. Биз япондор менен согуштук. Бизге кокусунан душманга чабуул коюу тапшырмасы берилген эле. Биз аны мыкты деңгээлде аткарып, көптөгөн япондорду туткунга түшүрүп, Сталиндин ыраазычылык баракчасына арзыганбыз. Согушта бакубат турмушка жетүү үчүн кан кечип, ачка калып, оор согушту башыбыздан өткөрдүк. Кыштын ызгаар суугунда көрбөгөн күндү көргөнбүз. Ата Мекендик согуш бүткөнүн укканыбызда командирлер майрамдаганыбыз эсимден кетпейт.

Ата Мекендик согуш аяктагандан кийин экинчи дүйнөлүк согушка катыштым. Японияга согушка кирдик. Кытайдын Маньчжурия провинциясын япондордон бошотуп бердик. Согуш Харбий шаарын алгандан кийин аяктады», - деди ал.

8 жылдан кийин айылына келген жоокерди үй-бүлөсү, достору тосуп алышкан.

«Мен согушка чейин үйлөнгөн элем. Аялым мени 8 жыл күттү. Мен келсем бардык досторум аман-эсен кайтышыптыр. 3 досум 40 жыл агартуу тармагында иштешти. Мен айыл чарба жаатында эмгектендим. Жүгөрү колхозунда иштеп жүргөндө мага мотоцикл белекке беришти. Пенсияга чыкканымда унаа белекке алдым», - деди ардагер.

Касымбай ата байбичеси каза болгондон кийин Ош шаарына көчүп келген. Учурда 50гө жакын чөбөрөнүн сүйүктүү чоң атасы.

«Мен бир уул, бир кыздуу болдум. Уулумдун 7 баласы бар. Балам каза болгондон кийин жубайым дагы каза болуп калды. Азыр эң кичүү неберемдин колунда турам. Ош шаарынын тургуну болуп калдым. Кандай гана иш-чаралар болбосун мени чакырып турушат. Дарыгерлер дагы жакшы карашат. Ыраазычылыгымды билдирем. Эч качан согуш болбосун, элибизде ынтымак болсун. Биз көргөн күндү душманыма дагы ыраа көрбөйм», - дейт аксакал.

«Айылдагы акыркы фронтчу», «Каардуу күндөрдүн каарманы», «Ош дастаны», «Жолдошовдун жолу» китептериндеги башкы каарман эки китептин автору болууга жетишкен.

«Менин биринчи китебим "Чардана мечити азиз жана ыйык" деген аталышта жарык көргөн. Өткөн жылы кошунам Жапардын согуштагы тагдырын "Жапардын тагдыры" аттуу китебимде жазып чыктым. Быйыл атайын Улуу Ата Мекендик согуштун 72 жылдыгына карата досторум тууралуу эскерүү жазып, балдарына берип келдим», - деди ардагер.

Чарбанын ишин иштеп, малын багып,
Өчүрбөй өтүштү ысык коломтосун.
Осуят катары айтам жалпыңарга,
Кайталап жадабастан кайра-кайра.

Бактысы тоодой бийик садагалар,
Татыктуу болуп жашагыла атаңарга.
Көп эле мекенимден сыйлык алдым,
Кээ бирде тагдырыма сыймыктандым,
70 жылдан кийин мына мынтип,
Куралдаш достор кетип жалгыз калдым, - деген эскерүү ырын кагаз бетине түшүрүп, досторунун балдарына тапшырган.

Ардагердин небереси Медербек Касымбаев атасы согуш тууралуу көп айтып берээрин кошумчалады.

«Атам өтө кайраттуу киши. Жашы 92ге келип калса дагы согуштагы күндөрүн так айтып бере алат. Китепти көз айнексиз окуйт», - деди Медербек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1704
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
18:21,   23.11.2017   ( 2 адам окуп жатат)
×