При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 30-май
67.95    76.27    1.2    KZT 0.22

«Эгиздер»: Асан менен Үсөндү тааныштары көздөрүндөгү калынан ажыратып билишет (фото)

Turmush -  Эгиздер Үсөн жана Асан Чынтемир уулу Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Мөнөк айылында 1997-жылы жарык дүйнөгө келишкен. Turmush басылмасынын кабарчысы эгиздердин бири Үсөн менен таанышты.

«Учурда Россиянын Челябинск шаарындагы Агрардык университетинде окуйм. Асан экөөбүздү туугандарыбыз, тааныштарыбыз, досторубуз ажыратып биле алышпайт. Бирок, Асандын көзүнүн жанында калы бар. Аны билип алгандар дароо эле көзүбүздү карап, "кал бар болсо Асансың, жок болсо Үсөнсүң" деп билип алышат. Негизи кызыктуу окуялар көп болот.

Асандын тайпалаштары эгиз экенибизди билишчү эмес. Бир күнү алар шаардан мени көрүп калышып, кол көтөрүп учурашалы дептир. Мен карабай кетип калсам, алар таң калган бойдон калыптыр. Эртеси Асан тайпалаштарына барып учурашайын десе, тетири карап калышыптыр. Эмне болгонун сураса, "кечээ бизди көрүп туруп, көчөдөн карабай кеттиң" деп таарынышыптыр. Кийин эгиз экенибизди көрүшкөндө көпкө күлүп жүрүштү. Мүнөзүбүз эки башка, тактап айтканда Асан шайыр жүрөт. Мен жоошмун. Негизи алыстан бири-бирибиздин абалыбызды сезебиз. Бир жолу Асан алыста жүрүп ооруп калган. Мен дагы ооруп, экөөбүз тең ооруканага бир дарт менен жатып чыкканбыз», - деди ал.

Алар үй-бүлөдө 4 бир туугандын кичүүсү.

«Үй-бүлөдө 4 бир тууганбыз. Эки эжем турмушка чыккан. Атам тиш доктур болуп иштесе, апам мугалим. Эгиз кыздарга үйлөнөбүз деп ойлонуп көрө элекпиз, бирок ата-энем эгиз кыз алгыла дешет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 528
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×