Бөлүмдөр
Ишемби, 23-сентябрь
68.49    81.6    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ош

Араванда ишкерди аңдып жүргөн куралдуу топ ээн талаадан кол салышты (фото)

Turmush -  Араванда курал менен киши карактоого шектелген 3 адам кармалды.

Ош ОИИБдин басма сөз кызматы тараткан маалымат боюнча, 2017-жылдын 30-апрелинде С.Юсупов айыл аймагынын 1971-жылы туулган тургуну Х.Д. өзүнө таандык «ДУЭ Ланос» үлгүсүндөгү унаасы менен үйүнөн чыккан. Ал эгин талаасын көздөй бара жаткан жолдон «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаадан белгисиз бет капчан адам түшүп, колундагы ок атуучу куралы менен коркутуп, акча талап кылган. 

Turmush басылмасына маалым болгондой, жабырлануучу акча алмаштыруучу жайдын ээси. Ага кол салган топ артынан бир жума бою ээрчип, акыры талаадан кол салышкан. Окуя учурунда ишкерди коркутуу максатында асманга ок атылып, аны уккан айылдыктар сыртка чыкканда кол салгандар качып кетүүгө үлгүрүшкөн.

Бул окуя боюнча ыкчам тергөө топ түзүлүп, шектүү катары Араван районунун 3 жашоочусу: 1983-жылы туулган С.П., Ш.А. жана 1988-жылы туулган А.Н кармалды. Алардан далил буюм катары ок атуучу курал, эки даана ок, 1 даана Германиядан чыгарылган тапанча, 2 даана бет кап, 2 даана кол кап жана автоунаага тийиштүү мамлекеттик 2 номур (О22-63 А, О 12-19 К) алынды. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси менен козголгон кылмыш иш тергелип жатат.

Алгачкы текшерүүдө шектүүлөр мурда дагы уурулук, бейбаштык боюнча кылмыш жоопкерчиликке тартылганы маалым болду. Алардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси текшерилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1860
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу