При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 30-май
67.95    76.27    1.2    KZT 0.22

Кара-Кулжадагы кооптуу аймактарда 828 үй-бүлө жашап жатат, - райадминистрация

Turmush -  Кара-Кулжа районунда жер көчкү басып калуу коркунучу бар аймакта жашап жаткан 9 үй-бүлө коопсуз жайга көчүрүлдү. Учурда алар туугандары менен бирге жашап жатат, деп билдирди райондун акими Каныбек Алиязов.

Маалымат боюнча, Кара-Кулжа районунда бүгүнкү күндө жер көчкү жүрүү коркунучу бар, кооптуу жайларда жалпы 828 үй-бүлө жашап жатат. Буга чейин кооптуу аймактардан 76 үй-бүлө көчүрүлгөн. Мамлекет тарабынан 152 үй-бүлөгө ссуда жана башка жардамдар берилген.

«Учурда жер көчкү жүрүү коркунучу бар Кара-Куз айыл аймагынын Кар-Жыгач айылынан 4 үй-бүлө, Сары-Булак айыл аймагынын Сары-Күңгөй, Тогуз-Булак айылдарынан 5 үй-бүлө көчүрүлдү. Бул маселе боюнча түшүндүрүү иштери уланууда», - деди аким. 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 375
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×