При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Кара-Кулжанын Биринчи май айылында жер көчкүнүн жаракалары пайда болду (фото)

Turmush -  Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айыл аймагында жер көчкүнүн жаракалары пайда болду. ӨКМдин билдирүүсү боюнча, Биринчи май айылынын Жайыттын-Үстү тилкесинде узуну 22 метр, кеңдиги 5 см, тереңдиги 1 метр болгон жаракалар 11 турак үйгө кооптуу абал жаратууда.

Андан улам бүгүн, 6-майда райондук жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан кооптуу аймактагы жашоочуларды туугандарынын үйлөрүнө көчүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 853
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу