Бөлүмдөр
Ишемби, 23-сентябрь
68.49    81.6    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ош

Фото - «Ала-Арчада» таш тийип каза болгон Кайрынса гинеколог болуу үчүн Ноокаттан келген

Turmush -  «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркында таш тийип каза болгон Кайрынса Кошокова жогорку билим алуу үчүн Бишкекке Оштун Ноокат районунан келген. Анын тайпалашы Жакшылыктын айтымында, борбордо бир тууган эжеси менен бирге жашачу.

Тайпалаштары Кайрынса адамдар менен бат тил табышкан, шайыр мүнөз кыз болчу, деп эскеришти.

Кечээ, 5-майда саат 16:13 чамасындагы кырсыктан каза болгон Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 3-курсунун студенти Кайрынса Кошокова акушер-гинеколог болуу максатында билим алып жаткан.

1-сүрөт окуя болгон күнү тартылган:

ӨКМдин билдирүүсүндө: «Студенттер эс алуу үчүн тоого чыгышкан. Алардын арасындагы 1997-жылы туулган Кайрынса Кошоковага таш кулаган. Анын тааныштарынын айтымына караганда, кулаган таштан катуу жаракат алган кыз тоодон түшө албай калган. Ал жерде уюлдук телефондо байланыш болбогондуктан студенттердин бири тоодон түшүп, дарыгерлерди чакырган. Ошондой эле, ал сейил бакта иштеген куткаруучуларга билдирген. Алар 10 мүнөттүн ичинде окуя болгон жерге барышкан», - деп айтылат.

Куткаруучулардын айтымында, алар барган учурда жабыркаган кыз эс-учун жоготуп, тамыры сокпой калган. Алар студент кызды атайын техниканын жардамы менен төмөн жакка түшүрүп, тез жардам кызматына тапшырышкан.

Окуянын күбөлөрүнүн бири АКИpress агенттигине билдиргендей, туристтердин алдынан тоо текеси чуркап өткөндө таш кулаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 16298
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу