Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.75    82.62    1.19    KZT 0.21
Ош

Алайдын Мурдаш айылында жер көчкү коркунучунан 3 үй-бүлө көчүрүлдү

Turmush -  Алай районунун Ленин айыл өкмөтүнө караштуу Мурдаш айылынын Кызыл-Булак тилкесинде жер көчкү түшүү коркунучу пайда болду.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, жер көчкүнүн сүрүлүү коркунучу азырынча адистер тарабынан текшериле элек.

Айыл өкмөттүн башчысы Нурлан Матанов кооптуу аймактагы 3 үй-бүлө туугандарынын үйүнө көчүрүлгөнүн билдирди.

«Өзгөндөгү жер көчкүдөн кийин кооптуу аймактарды кыдыра баштаганбыз. Бир жума мурун Кызыл-Булак тилкесиндеги 3 үй-бүлө коопсуз жайга көчүрүлгөн. Ал жерде жер көчкүнүн сүрүлүү коркунучу бар. Бизде жергиликтүү тургундарга жер тилкесин берип, толугу менен көчүрүүгө мүмкүнчүлүк жок», - деди Н.Матанов.

41

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 769
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×