При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июль
68.46    79.79    1.14    KZT 0.21

Фото - Кара-Сууда байге фонду 1 млн сомдук мелдеш өттү

Turmush -  Улуу Жеңиштин 72 жылдыгына карата Кара-Суу районунда Исмаил Матраимовдун элесине арналган футбол жана волейбол боюнча турнир өттү. Анын байге фонду 1 млн сомду түздү, деп билдирди уюштуруучулар.

Мелдештин финалдык беттештерине биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов, ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков, Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев, Аалы Карашев жана Искендер Матраимов, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү күбө болушту.

«Жыл сайын “Исмаил ата” коомдук фонду Кара-Суу районунда ушул сыяктуу кызыктуу мелдештерди уюштуруп келет. Бүгүнкү спортчуларыбыз келечекте биздин тууну бийикке көтөрөт деген үмүтүбүз чоң. Жаш спортчуларга колдоо көрсөтсөк акыбети кайтат. Бул фонд спорт жаатында эле эмес, социалдык жактан да колдоо көрсөтүп келет», - деди Жогорку Кеңештин вице-спикери Данияр Төлөнөв.

Спорттук мелдеш 7 жылдан бери уюштурулуп, салтка айланып калды. Бул жылы байге фондундагы 1 млн сом жыйынтыгында алдыңкы орунду ээлеген командаларга бөлүнүп берилди.

Мелдештердин аягында волейбол боюнча 1-орунду «Жоош-2» командасы ээлеп, 200 миң сом менен сыйланды. 2-орунга Сары-Колот айыл өкмөтүнөн келген команда чыгып, 100 миң сомго ээ болсо, 3-орунга чыккан Отуз-Адыр айыл өкмөтү 60 миң сом, 4-орунду ээлеген Мады айыл өкмөтүнүн командасы 40 миң сом менен сыйланды.

Ал эми, футбол мелдеши боюнча алдыңкы орунду Кара-Суу шаары ээлеп, 120 миң сом менен сыйланса, 2-орунду Сарай айыл өкмөтү ээледи.

«Исмаил ата» фонду тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө да ар тараптуу жардамдар көрсөтүлүп турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1366
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу