При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 30-май
67.95    76.27    1.2    KZT 0.22

Кыргыз-Атада Улуу Жеңишке арналган 1 млн сомдук эстелик тургузулду (фото)

Turmush -  Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл аймагында Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына арналган эстеликтин ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Бакытбек Марипов билдирди.

Маалыматка караганда, аталган эстеликте Кыргыз-Ата айыл аймагынан согушка кеткен 464 адамдын ысымдары жазылып, өчпөс от, БТР орнотулган. Аталган эстелик 1 млн сомго жергиликтүү бюджеттин жана жергиликтүү тургундардын салымы менен курулду.

Эстеликтин ачылыш аземине мекеме-ишканалардын жетекчилери, район аймагындагы күч органдарынын кызматкерлери, согуштун 3 ардагери, кайтпай калган жоокерлердин туугандары болуп 2 миңге жакын адам катышты. Улуу Жеңиштин 72 жылдыгына карата 2 миң адам катышкан парад да уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 396
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×