Бөлүмдөр
Ишемби, 23-сентябрь
68.49    81.6    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ош

Фото - Жер титирөөдөн кийин Шибээ айылындагы окуучулар чатырга көчтү

Turmush -  Жер титирөөдөн жапа чеккен Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөтүнүн Шибээ айылындагы окуучулар чатырларда билим алып жатышат. Окуу процесси үзгүлтүккө учураган жок, деп билдирди райондун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Пазыл Бактыбаев.

Анын айтымында, Шибээ айылындагы Ташбек уулу Гапар атындагы мектептин бир имараты жер титирөөдөн улам жараксыз абалга келген.

«Жекенди айыл өкмөтүндө жалпы 5 мектеп бар. Аларда билим берүү процесси үзгүлтүксүз улантылып жатат. Ал эми, Шибээ айылындагы мектептин бир имараты жараксыз болуп, экинчи имаратта жана чатырларда билим берилүүдө», - деди П.Бактыбаев.

Ташбек уулу Гапар орто мектебинин директору Сапарали Ботобаевдин айтымында, жалпы 256 окуучу бар.

«Даярдоо классында 23 окуучу билим алат. Окуучулар буга чейин 2 кезмет менен билим алышчу. 220 орундуу имарат кооптуу болгондуктан учурда 80 орундуу имаратта жана 2 чатырда сабак өтүлүп жатат», - деди директор.

3-майдан 7-майга чейин кыргыз-тажик чек арасында 10дон ашык жер силкинүү катталган. Кыргызстандын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, өлкө аймагында 3-4-майда 6 жолу жер титирөө катталды. Жер титирөө учурунда Оштогу Чоң-Алай районунун Чулук айылында сарайдын дубалы кулап, 1 адамды басып калган. Жабырлануучуну коңшулары куткарып калууга жетишкен.

ӨКМдин бүгүн, 10-майга карата билдирген маалыматы боюнча, жер титирөөнүн кесепетинен Чоң-Алай районунда жалпы 1022 турак жай текшерилди. Анын ичинен 8 үй урап түшкөн жана 537 турак жай авариялык абалда деп табылды.

Чоң-Алайда жер титирөөдөн жабыркаган имараттар:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1229
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу