При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июль
68.46    79.79    1.14    KZT 0.21

Чоң-Алай айыл өкмөтү жер тилке берүүдө мыйзам бузганы аныкталды, - райондук прокуратура

Turmush -  Чоң-Алай райондук прокуратурасы жеке менчик турак үй куруу үчүн жер тилкелерин берүүдө Чоң-Алай айыл өкмөтү мыйзам бузганын аныктады.

Райондук прокуратуранын маалыматында айтылгандай, 2016-жылдын 10-майындагы токтом менен Жар-Башы айылынын тургуну С.Т. Чий-Арык тилкесинен 0,15 га жер тилкесин алган. Бирок, атайын жобонун талаптары аткарылбастан, арыздын негизинде гана жер берилгени белгилүү болду. Ошондой эле, жер берүү жөнүндөгү токтом Чоң-Алай райондук мамлекеттик каттоо бөлүмүнөн каттоодон өткөн эмес.

Буга байланыштуу Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысына карата чара көрүү өтүнүчү тиешелүү органдарга жиберилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 836
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу