При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Нариманда үйлөргө кооптуулук жараткан сайдын жээгин бекемдөө башталды

Turmush -  Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүндө 30-40 турак жайга коркунуч жараткан сайдын жээги бекемделип жатат.

Айыл өкмөттүн башчысы Улукбек Рахмановдун айтымында, ага атайын техникалар жана жумушчу топ бөлүнгөн.

«19-апрелдеги жаандан улам айылдагы Машрапсай дарыясынын деңгээли көтөрүлгөн. Суу нугунан ашып, аймактагы ички чарбалык жолдорду жеп кеткен эле. Жолдун бир тарабындагы 30дан ашуун үйлөргө да коркунуч жаралган. Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте шагыл төгүлүп, оңдоо иштери кызуу жүрүп жатат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 337
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×