При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июль
68.46    79.79    1.14    KZT 0.21

Өзгөндүк А.Пазылов атасынан калган эски унааны жаңылап, 9-майда парадга айдап чыкты (фото)

Turmush -  Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылынын тургуну Адилет Пазылов атасы Пазыл Жумабаевдин эски «Волга» унаасын жаңылап жасап, үй-бүлөсү менен Улуу Жеңиш күнүндө парадга чыкты. Бул тууралуу Адилет Пазылов аймактык кабарчыга билдирди.

«Атам согушка 1942-жылы кетип, 1946-жылы өз мекенине кайтып келгенин айтчу. Согуш маалында бутуна жана желкесине ок тийип, жаракат алыптыр. Согушта көрсөткөн эрдиги үчүн бир топ медалдар менен сыйланган», - деди ал.

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Пазыл Жумабаев 1986-жылы оорудан улам каза болгон.

«Атам «Волга» унаасын 1973-жылы алып, 13 жыл өзү айдады. Ал каза болгондон кийин айдалбай көпкө туруп калды. 2013-жылы мен дагы ушундай унаа сатып алып, экөөнү тең Тажикстандан жаӊылатып, жасатып келгем», - деди ал.

Пазыл Жумабаевдин эң кичүү небереси андан 90 жашка кичүү. Ал 2014-жылы төрөлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 673
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу