При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Ак-Бууранын жээгине жол салып жаткан ишкерге 171 миң сом айып салынды

Turmush -  Араван районунун Керме-Тоо айыл аймагында Ак-Буура дарыясы менен Көк-Мойнок суусу кошулган жерге унаа жол салып жаткан жеке ишкерге айып пул салынды. Ишкер жер кыртышын бузуп, өсүмдүктөргө зыян келтирди деп айыпталып жатат. 

Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинин Ош өкүлчүлүгүнүн жетектөөчү адиси Турат Сатимбаевдин айтымында, айып пулдун өлчөмү 171 миң 394 сом деп белгиленген. Аны айтымында, 8-май күнү Араван районунун Кичи-Алай айылынын 21 тургуну арыз менен кайрылган. Анын негизинде департаменттин жетекчилиги жеринде текшерүү жүргүзгөн.

«Суунун боюнда жеке ишкер кен каздыруу үчүн жол салдырып жатканы, экскаватор Кожокелең айылына жакын ГЭСти куруп жаткан фирмага таандык экени аныкталды. Керме-Тоо айыл аймагында Ак-Буура дарыясы менен Көк-Мойнок суусу кошулган жерге суу бойлото курулуп жаткан жол жер кыртышына, өсүмдүктөр дүйнөсүнө, сууга зыян келтирген. Бул иш Ош облустук прокуратурасы аркылуу Араван районунун прокуратурасына өткөрүлдү», - деди Т.Сатимбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 839
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу