При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 30-май
67.95    76.27    1.2    KZT 0.22

Фото - 7 үйдү 24 жашоочусу менен жер көчкү баскан Аюудагы үй-бүлөлөр 80 миң сомдон жардам алды

Turmush -  Өзгөн районунун Аюу айылында жер көчкүдөн жабыркап, жакындарын жоготкон үй-бүлөлөргө 80 миң сомдон акчалай жардам берилди. Бул каражат Жогорку Кеңеш тарабынан бөлүнгөн, деп билдирди аймактык кабарчы.

Чатырларда жашап жаткан тургундар менен бүгүн, 12-майда Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев жана Аида Касымалиева жолугуп, тургундардын суроолоруна жооп беришти. Жашоочулардын көпчүлүгү жер тилкесин эртелетип бөлүп берүүнү суранышты.

«Мамлекет тарабынан жабыркагандарга жардамдар берилет. Өзгөн районунун аймагында жер көчкү коркунучу бар аймакта жашагандар бир аймакка жайгаштырылып, суу, жол, мектеп маселеси чечилип, керектүү шарттар түзүлөт. Учурда коопсуз аймактан жер каралып, трансформациялоо маселеси каралып жатат. Үй куруп жатканда керектүү курулуш материалдарды өз баасында жеткирип берүүгө аракет кылабыз», - деди А.Карашев.

Аюу айылында 29-апрелде саат 06:40 чамасында жүргөн жер көчкү жалпы 7 үйдү жана 24 адамды басып калды. Көчкүнүн алдынан 8 адамдын денеси табылып, 16 адамды издөө иштери 4-майда токтотулду. 

Учурда көчкү алдында калган үйлөрдүн жашоочулары ӨКМ тарабынан тигилген чатырларда баш калкалап жатат.

Көчкү алдында калган 16 адам:

- 1980-жылы туулган Юсупахунова Зилола Азизовна (жолдошу жана 4 баласы табылды);

- 1968-жылы туулган Коргонбаев Маматали Назирбаевич;

- 1930-жылы туулган Разабаев Хабибилла;

- 1939-жылы туулган Разабаева Арзи;

- 2000-жылы туулган Хабибиллаев Захит Шерниязович;

- 2000-жылы туулган Ибрагим уулу Дилшодбек;

- 1970-жылы туулган Разабаев Абдисалам Хабибиллаевич;

- 1975-жылы туулган Маманова Нигорахон Мамажановна (Россиянын жараны);

- 1967-жылы туулган Абдразакова Рахима Жороевна;

- 2013-жылы туулган Артыкбаева Хилола Фарезовна;

- 2003-жылы туулган Артыкбай уулу Ориф;

- 1988-жылы туулган Камчыев Фаруг Артыкбаевич;

- 1993-жылы туулган Шермамат кызы Хамдона;

- 2016-жылы туулган Артыкбаева Ситора Фаруховна;

- 1979-жылы туулган Разабаева Мехринса Хабибиллаевна;

- 2014-жылы туулган Каримов Мухамадали Абдымухтарович.

Көчкү алдынан табылып, акыркы сапарга узатылган жарандар:

1) 2003-жылы туулган Назирбаева Азиза Икрамжановна;

2) 2007-жылы туулган Назирбаева Умида Икрамжановна;

3) 1978-жылы туулган Коргонбаев Икрамжан Назирбаевич;

4) 2013-жылы туулган Назирбаев Алмазбек Икрамжанович;

5) 2000-жылы туулган Назирбаев Хуршидбек Икрамжанович;

6) 2005-жылы туулган Адина Маманова;

7) 2015-жылы туулган Мадина Хабибиллаева;

8) 1997-жылы туулган Гүлайым Назирбаева.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 391
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×