Бөлүмдөр
Ишемби, 23-сентябрь
68.49    81.6    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ош

Кара-Кулжада эшек уурдагандар 7 жылга кесилип, 2 жылга шарттуу жаза алды

Turmush -  Кара-Кулжа районунда эшек уурдаган 3 тургун 7 жылга эркинен ажыратылып, 2 жылга шарттуу кесилди. Бул тууралуу райондук прокуратурадан кабарлашты.

Маалыматка караганда, эшек уурдоо фактысы көбүнчө Кашка-Жол, Чалма айыл өкмөттөрүнүн аймактарында катталган.

Кашка-Жол айыл аймагынын 3 тургуну алдын ала макулдашып алып, 2017-жылдын 8-февралына караган түнү айылдаштарынын короолорунан 4 баш эшекти уурдап чыгышкан. Алар окуя болгон жерден издерин жашырып кетишкен. Бул фактылар боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси менен кылмыш иши козголуп, иш сотко жиберилген.

«Райондук соттун 30-мартындагы өкүмү менен 3 соттолуучу 7 жылга эркинен ажыратылып, ар бирине 2 жылдан сынак мөөнөтү белгиленип, шарттуу кесилишти. Соттолуучулар облустук сотко кайрылышкан эмес», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3215
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу