При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 30-май
67.95    76.27    1.2    KZT 0.22

Алайдын Гүлчө айылында «Субарунун» айдоочусу 34 жаштагы аялды сүзүп өлтүрдү

Turmush -  Алай районунун Гүлчө айылында «Субару» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 34 жаштагы аялды сүзүп өлтүрдү. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 12-майда саат 14:00 чамасында Гүлчө айылынын Нарматов көчөсүндө жол четинде суу ташып бара жаткан аялды унаа сүзүп кеткен. Анын кесепетинен 34 жаштагы А.Н. аттуу аял алган жараатынан улам ошол жерде каза болгон. Учурда унаанын айдоочусу кармалып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Анын унаасы атайын токтотуучу жайга киргизилип, кырсыкка эмне себеп болгондугун аныктоо үчүн техникалык кароодон өткөрүлүүдө.

Каза болгон аялдын денеси соттук-медициналык экспертизага жиберилди. Жергиликтүү тургундардын айтымында, каза болгон аялдын 3 баласы калды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 473
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×