Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-ноябрь
69.7    81.81    1.17    KZT 0.21
Ош

Айыл турмушу: Алайлык 75 жаштагы Р.Максүтбаева чабан болуп эмгектенип, айылдык депутат болгон (фото)

Turmush -  Алай районунун Мурдаш айылынын 75 жаштагы тургуну Рысбү Максүтбаева жолдошу Карим Максүтбаев менен бирге 10 баланы тарбиялап, учурда 30 неберелүү жана 3 чөбөрөлүү болушту.

Алардын кичүү кызы Жанара Максүтбаеванын айтымында, апасы чабан болуп иштеп, Ленин айылдык кеңешинин 2 жолку чакырылышынын депутаты болгон.

«Менин ата-энем 10 жылдан ашык чабан болуп эмгектенишкен. Апам мектепти жакшы окуп аяктаганы менен турмуш-шартына байланыштуу жогорку билим албай калган. Бирок, ак эмгегинин арты менен бизге татыктуу тарбия берип, барыбызды үйлүү-жайлуу кылышты. Биз үй-бүлөдө 2 уул, 8 кызбыз. Эң улуусу Салима андан кийин Жумакан, Ибарат, Элмира, Медербек, Бурмакан, Бактыбек, Гүлнара, Динара жана эң кичүүсү мен Жанарамын. Апам жакшы иштеп, Ленин совхозу убагында Ленин айылдык кеңешинин эки жолку депутаты болуп шайланган», - деди ал.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, айылда Максүтбаевдердин үй-бүлөсү үлгүлүү үй-бүлөлөрдүн катарын толуктай жана айылдагы бала бакчаларга, мектептерге жардам берип келишет.

«Жоогазын» бала бакчасынын жетекчиси Назира Сакенованын айтымында, Рысбү Максүтбаева балдар бакчасына жардам берүүдөн баш тартпай, керектүү буюмдарды алууга көмөк көрсөтүп келет», - дейт ал.

Рысбү Максүтбаева жолдошу Карим Максүтбаев менен бирге 2014-жылы ажылыкка барып келишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2131
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×