Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Ош

Алайда адам өлүмүнө байланыштуу жалган корутунду чыгарган жетекчи 3 жылга кесилди

Turmush -  Ош облустук соттук-медициналык экспертиза бюросунун Алай райондук бөлүмүнүн башчысы адам өлүмүнө байланыштуу жалган корутунду чыгарганы үчүн 3 жылга эркинен ажыратылды. Мындай өкүмдү Ош шаардык соту 2-май күнү чыгарган.

Кылмыш иш КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 315-330-беренелери менен козголуп, тергелди, деп билдирди жабырлануучу тараптын жактоочусу Болот Баетов.

Айыпталуучу Алай районунда курулушта иштеп жүрүп, 2016-жылдын 21-сентябрында каза болгон Майрамбек Нажиевдин автокырсыкка чейин адамдар тарабынан сабалганын жашырган. Буга чейинки тергөө иштери экспертизанын жалган корутундусу менен жүргүзүлүп келген.

Жактоочунун айтымында, М.Нажиевдин өлүмү боюнча аварияга учураган унаанын айдоочусу кармалып, камакка алынган. Ага КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси менен кылмыш иш козголуп, тергөө амалдары улантылып жатат.

Маалым болгондой, аталган бөлүмдүн башчысы кырсык болгон күнү М.Нажиевдин денесин Алай райондук ооруканасынын өлүк сактоочу жайында карап, бирок толук изилдөө жүргүзгөн эмес. М.Нажиев жол кырсыгына чейин алган жаракаттарды көмүскөдө калтырып, жалган корутунду жазып берген.

М.Нажиев курулушка чейин ички иштер органдарынын күзөт бөлүмүндө эмгектенген. Үй-бүлөсүнүн айтымында, эмгек акынын аздыгынан жумуш которууга аргасыз болгон. Анын артында 2 баласы калды.

Окуя тууралуу:

Ош ОИИБдин маалыматында: «2016-жылдын 21-сентябрында саат 20:30 чамасында Ош—Гүлчө—Дароот-Коргон унаа жолунун 187-чакырымында Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну — 1987-жылы туулган Б.Замирбек "Мерседес-Бенц" унаасы менен Сары-Могол айылынан Сары-Таш айылын көздөй бара жатып, жолдун түштүк тарабындагы бордюрду сүзгөн. Анын кесепетинен унаанын алдыңкы отургучунда отурган айылдашы — 1987-жылы туулган Майрамбек Нажиев оор жаракат алып, окуя болгон жерде көз жумган. Окуя болгон жерде Алай РИИБдин ыкчам тергөө тобу кароо жүргүзүп, соттук-медициналык жана автотехникалык экспертиза дайындалган.

21-октябрда соттук-медициналык экспертизанын бүтүмү чыгып, анын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин 2-бөлүгү (жол коопсуздук эрежесин сактабастан адам өлүмүнө жол бергендиги үчүн) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү айдоочу 27-октябрь күнү Алай РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген», - деп айтылат.

М.Нажиев жубайы менен
МН

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2255
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
18:21,   23.11.2017   ( 4 адам окуп жатат)
×