Бөлүмдөр
Ишемби, 23-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ош

Эгиздер: Улан менен Уран бири-биринен алыс кетишсе кыйналышат (фото)

Turmush -  9 жаштагы эгиздер Улан Асилов менен Уран Асилов бири-биринен алыс кетишсе кыйналышат. Аймактык кабарчы «Эгиздер» долбоорунун кезектеги каармандары менен таанышты.

Алардын айтымында, ата-энелери менен Ош облусунун Баш-Булак айылында жашашат.

«Ата-энебиз бизди бат эле айырмалайт. Анткени бирөөбүз арыгыраак, экинчибиз толугураак келебиз. Жаңы төрөлгөндө апам Даниель жана Тариель деп атаган экен. Бирок атабыз Улан жана Уран деп ысым коюп, күбөлүккө жаздыртып келиптир. Бири-бирибизден алыс болгондо кыйналабыз. Былтыр 27-майда мен ооруп ооруканага жатып калганда, Уран көңүлүү жок жүрүптүр. Бири-бирибиздин жаныбыздан чыккыбыз келбейт. Бир жакка барсак чогуу барабыз. Бирөөбүз оорусак эгизим да ооруйт. Мүнөздөрүбүз ар башка. Уран жоошураак келет. Бир жолу мектепте мугалим эжей мени тургузуп урушуп жатканда Уран боору ооруп ыйлап жиберген» - деди Улан.

Алар чоңойгондо эгиз кыздарга үйлөнүүнү каалашат.

«Ата-энебиз «чоңойгондо эгиз кыздарды алып беребиз, алар силерге ылайык жана мамилелери дагы жакшыраак» болот дешет. Өзүбүз деле эгиз кыздардан алабыз деп ойлоп кетебиз. Ошондой эле атам Асандын эгизи Үпөл эжем бар. Алардын инилери дагы эгиздер», - дешти эгиздер.

Улан менен Уран Н.Примбердиев атындагы орто мектебинде 3-класста окуйт. Үй-бүлөөдө 6 бир туугандын кичүүлөрү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1163
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу