Бөлүмдөр
Ишемби, 23-сентябрь
68.49    81.6    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ош

Кара-Сууда ЖТРге 3 миңге жакын бүтүрүүчү катышат

Turmush -  Кара-Суу районунда быйыл Жалпы жеспубликалык тестирлөөгө 1861 бүтүрүүчү катышат. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнөн кабарлашты.

«18-май күнү кошумча кабыл алуу болот. Ал күнү 2 миңден ашуун адам каттоодон өтүүсү мүмкүн. Республикалык тестирлөөнүн мөөнөтү бүткөнүн кеч уккандар жана кечиккендер үчүн да мүмкүнчүлүк болот. 19-майда Кара-Суу районунун 5 мектебинде негизги тест кабыл алынат. 20-май күнү кошумча сабагынан тапшырышат», - деди Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Сүйүн Исаков.

Жалпысынан Кара-Суу районунда 131 мектеп болсо, 11-классты бүтүрүүчүлөрдүн саны 3059.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 553
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу