При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Фото - Чоң-Алайдагы селдин суусу бодо малдын курсагына чейин жетти

Turmush -  Кечээ, 15-майда Чоң-Алай районунун Кара-Мык айылында деңгээли көтөрүлүп кооптуулук жараткан Жерге-Тал каналынын суусу өз нугуна салынды.

ӨКМдин маалыматына караганда, каналдын суусу 2 короо сарайды жана 0,50 га айдоо аянтын каптап кеткен. Айыл аймактан 1 жеке менчик эксковатор тартылып, болжолдуу 400м жер тазаланып, суу убактылуу нугуна салынды.

Мындан тышкары, Чоң-Алай айыл аймагынын Дароот-Коргон айылына жакын жерден агып өткөн Кызыл-Суу дарыясынын деңгээли кескин жогорулап, Кызыл-Туу, Кошулуш жана Кара-Кыя аймактарында 50дөн ашык турак жайды, 3 га жер аянттарды суу каптап кетүү коркунучу жаралган. Турак жайларга 20-30 метр аралыкка чейин жакындап калган.

Дароот-Коргон айылын аралап аккан Дара суусунун деңгээли көтөрүлүп, натыйжада бир нече турак жайларды суу каптап кетүү коркунучу жаралган. Кызыл-Суу дарыясынын нугун буруп, таш таштап тосмо куруу үчүн жергиликтүү бийлик тарабынан техникалар даярдалып, күйүүчү майды ӨКМден суроо каралып жатат.

Ошондой эле, Дара суусунун жээктерин бекемдөө максатында айыл аймак тарабынан кум салып тосмо куруу үчүн 250-300 даана кап даярдалууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 425
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×