Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-ноябрь
69.7    81.81    1.17    KZT 0.21
Ош

Оштогу аттракциондун кулашы: Кылмыш иш козголуп, атайын комиссия түзүлдү (видео)

Turmush -  Ош шаарындагы А.Навои атындагы сейил бакта каруселдин кулашынан 11 жаран жабыркап, 3 адам ооруканада дарыланууда. Калгандарына амбулатордук жардам көрсөтүлүп, үйлөрүнө чыгарылган. Бул тууралуу Ош шаардык клиналык ооруканасынын директорунун дарылоо иштери боюнча орун басары Кылычбек Мамашарипов билдирди.

Анын айтымында, ооруканага 11 бейтап түшкөн, анын үчөө жаш балдар болгон.

«14-майда 11 жаран келип түшкөн. Анын ичинен үчөө жаш балдар болгондуктан, Ош облустук балдар ооруканасына тез жардам унаа менен жеткирилген. 8 бейтаптын ичинен 3 жарандын бир аз абалы оор. Калган 5 адам амбулатордук жардам алып, чыгып кетти. 37 жаштагы аял учурда баш мээсинен жараат алып, жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ал эми М.Бикиева аттуу жаран да башынан жараат алган, Н.Турдуева аттуу бейтаптын омурткасы жабыркаган. Бирок, экөөнүн абалы канааттандыраарлык», - деди К.Мамашарипов.

Ал эми, күбөлөрдүн бири А.Мамасабированын айтымында, карусель сынганын алгач байкаган эмес. Анткени бардык эс алуучулар үймөктөшүп турушкан.

«Башында кыйкырып жатышса, маани берген эмесмин. Кийин ыйлаган үндөрдү угуп барсам, карусель кулап калыптыр. Бир баланын буту канап, ыйлап жаткан экен. Ары жактан аксакалдар да чуркап келип жардам беришти», - деди ал.

Эс алуучулардын бири М.Конобаев бул карусель СССР мезгилинен бери бар экендигин, карусель ээлери убагында оңдоп-түздөөдөн өткөргөндө мындай окуя болмок эместигин белгилейт.

«1990-жылдары мен студент кезде бул аттракцион бар эле. Ошол мезгилден бери иштеп келе жатат. Каруселдин эскилиги жетип калганы көрүнүп эле турат. Убагында оңдоп койсо мындай болмок эмес. Эми баары балдарын алып келгенден коркуп калышты», - деди ал.

Учурда аттракциондун кулап калуусу боюнча кылмыш иш козголуп, иликтенүүдө.

«Биздин кызматкерлер, кечээ жеринен барып окуянын чоо-жайы менен таанышып келишкен. Жооптуу кызматкерлерге 142-техникалык эксплатациялоо эрежелерин бузгандыгы үчүн кылмыш иш козголгон. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат», - деди Ош ШИИБдин басма сөз катчысы З.Сыдыков.

Ош шаардык мэриясынын шаар куруу жана муниципиалдык менчик башкармалыгынын башчысы Мирлан Исралиовдун айтымында, Ош шаарындагы бардык каруселдерди текшерүү боюнча шаар мэриясы тарабынан атайын адистерден куралган комиссия түзүлүп, текшерүү иштери башталды.

«Бул карусель 2016-жылдын 16-февралында 5 жылга ижарага берилген. Тазалык, техникалык жагына ижарачылар өздөрү жооп беришет. Экотехинспекциясы тарабынан уруксат берүүчү корутунду бар. Алар Бишкекте турушат», - деди М.Исраилов.

Кечээ, 15-майда жабырлануучулардын абалы менен шаар мэри Айтмамат Кадырбаев таанышып келди. Мындан сырткары, Ош облустук балдар оорууканасынан дагы 3 бала ооруканадан амбулатордук жардам алып чыгып кетишкен. Окуядан жабыркагандардын арасынан 4 адам бир үй-бүлөдөн болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2498
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×