При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Кара-Кулжада баатыр эненин жөлөк пулун «жеп» жүрүүгө шектелген кызматкерлерге кылмыш иши козголду

Turmush -  Кара-Кулжа районунда жакыр жашаган, «Баатыр эне» наамын алган 40 жаштагы аялдын жөлөк пулун «жеп» жүрүүгө шектелген мамлекеттик кызматкерлерге кылмыш иш козголду. Бул тууралуу Кара-Кулжа райондук прокуратурасынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Кара-Кулжа райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери тарабынан Кара-Гуз айыл аймагына караштуу Жетим-Дөбө айылынын 7 балалуу Ж.Ж.га карата тиешелүү документтер толтурулуп, анын атына мамлекет тарабынан аз камсыз үй-бүлө катары жөлөк пул чегерилген. Бирок «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын Кара-Кулжа райондук филилалынын жана райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери баатыр энеге карата мамлекет тарабынан чегерилген акчалай жөлөк пулдарды белгисиз адамдар алып жүрүшкөндүгүнө карабастан, тиешелүү түрдөгү мезгил-мезгили менен өткөрүлүп туруучу милдетүү текшерүүлөрдү жүргүзүшкөн эмес. Тактап айтканда, аталган мекемелердин жооптуу кызматкерлери баатыр эненин жөлөк пулуна байланышкан расмий документтерге жалган маалыматтарды киргизүү менен мамлекеттик акча каражаттарын өз убагында берүүнү камсыз кылышкандыгы тууралуу атайын отчетторун түзүп келишкен. 2016-жылдын 1-июнунан 2017-жылдын 1-апрелине чейин мамлекет тарабынан чегерилген жөлөк пулга эсептөө жүргүзүүдө 36 миң 948 сом мамлекеттик акча белгисиз жагдайда жок кылынганы аныкталган.

Бул боюнча КРнын КЖКнин 315-166-171-беренелери менен кылмыш иши козголуп, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмүнө жиберилди.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3256
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу