При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июль
68.46    79.79    1.14    KZT 0.21

Кеңеш айыл өкмөтүнүн кызматкерлери мамлекетке 400 миң сомго жакын зыян келтирүүгө шектелүүдө

Turmush -  Кара-Кулжа районунун Кeңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери өздөрүнүн кызмат абалдарынан пайдаланып, ири суммадагы акчаны коротууга шектелип жатат. Бул тууралуу райондук прокуратурадан кабарлашты.

Маалыматка караганда, алар 2016-жыл ичинде жеке өздөрүнө же башка адамдар үчүн пайда жана артыкчылыктарды табуу максатында расмий документтерге жалган маалыматтарды атайылап киргизишип, алардын чыныгы мазмунун бурмалаган оңдоолорду киргизүү менен ишенилип берилген 155 миң сомду башка кызыкчылыктарына сарпташкан.

Андан сырткары, көрсөтүлгөн мезгил аралыгында Кеңеш айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан 241 миң 519 сом бюджеттик каражат мыйзамсыз пайдалануу менен мамлекеттик кызыкчылыктарга зыян келтирилген. Аталган айыл өкмөттүн кызматкерлери өздөрүнүн мыйзамсыз аракеттеринен улам мамлекеттик бюджетке жалпы 396 миң 519 сомдук зыян келтиришкен.

Бул боюнча КРнын КЖКнин 304-171-308-беренелериндеги кылмыштын белгилери аныкталгандыктан 2017-жылдын 3-майында Кара-Кулжа райондук прокуратурасы тарабынан кылмыш иш козголуп, иштин материалдары тергөө аракеттерин жүргүзүүнү уюштуруу үчүн КРнын өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгына жиберүү үчүн Ош облустук прокуратурасына жөнөтүлгөн.

Азыркы учурда кылмыш иш боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 546
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу