При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 30-май
67.95    76.27    1.2    KZT 0.22

Фото - Ошто эң көп калк жашаган аймакка 625 орундуу мектеп курула баштады

Turmush -  Ош шаарындагы Амир-Темур аймактык кеңешине 625 орундуу мектептин курулушу башталып, капсула салынды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Жергиликтүү тургун Алишер Якубов мектептин салынуусу окуучулардын 3 чакырым жолун кыскарта тургандыгын белгиледи.

«Биздин аймактык кеңеште жалпы 8 мектеп бар. Алардын ичинен экөөсү талапка жооп берет. Ал эми калгандары типтүү эмес орто мектептер. Окуучулар мектепке 3 чакырым жолду басып барчу эле. Бул мектептин салынуусу бизге чон жардам. Балдарыбыз эми жакын жерден билим алууга шарт түзүлөт», - деди Якубов.

Ал эми, шаар мэри Айтмамат Кадырбаев бул аймакка топурактын борпоңдугунан мектеп салынбай калганына токтолуп өттү.

«Бул аймактык кеңеш шаардагы эң көп калк жашаган, аймактык кеңештердин бири. Жалпысынан 60 миң адам болсо анын ичинен 15 миңге жакынын мектеп окуучулары түзөт. Мектептин тендердик баасы 147 млн 800миң сомду түзөт. Республикалык бюджеттен курулууда. Заманбап, бардык шарттары менен болот. Бул жердин топурагы борпоң болгондуктан, мурун мектеп курулган эмес. Азыр атайын өзгөчө ыкма менен мектеп салынууда. Буйруса 2 жылда толугу менен бүткөрүлүп пайдаланууга берилет», - деди шаар мэри.

Мектептин куруп жаткан ишкананын жетекчиси Медет Жакыповдун айтымында, мектептин пайдубалы бекем болуусу үчүн атайын 23 метр тереңдикте сваи орнотулуп жатканын кошумчалады.

«Бул жердин топурагы сары топурак болгондуктан жер төлөөсүнө туурасы 1 метр, тереңдиги 23 метрди түзгөн 274 даана свай орнотулууда. Мындан сырткары, спорт залы дагы "о" тамгасынын формасында курулат. Быйыл чатырына чейин жаап койсок, кийинки жылы толугу менен бүтүрүп тапшырабыз», - деди Жакыпов.

Капсула салуу иш-чарасына шаардын, мекеме-ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү тургундар катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 635
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×