При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 30-май
67.95    76.27    1.2    KZT 0.22

Арал айылындагы 20 жылдыктар мектепте гүлзар аянтын жасап жатышат (фото)

Turmush -  Кара-Суу районунун Арал айылында жайгашкан М.Заиров атындагы орто мектебин 20 мурда аяктаган бүтүрүүчүлөр мектептин короосун гүлзарга айлантып жатышат. Бул тууралуу мектеп директору Нуркамил Атакулов билдирди.

Анын айтымында, ал үчүн гүл отургузуучу орундуктарды темир тосмо менен тосуп беришти.

«Ушул мектепти 20 жыл мурда аяктаган, 1980-жылкы окуучуларыбыз өздөрүнүн каалоосу менен мектептин короосун жана гүл эгүүчү жайларды темир тосмо орнотуп беришти. Бүт кеткен каражатты өздөрүнүн капчыгынан төлөштү. Бул окуучулардын билим уясына болгон ыраазычыгы экен. Биз абдан ыраазы болдук. Андан сырткары дагы бир айыл тургуну мектептин короосуна дарыядан суу чыгартып берди. Азыр окуучулар үчүн жакшы шарт да болуп калды. Өз элине күйүмдүү жаштарыбыз көбөйө берсин», - деди директор.

Арал айылынын тургуну Адыл Насиров мектепке дарыядан 200 метр суу түтүкчөсү аркылуу суу чыгартып берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 522
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×